Кыргызстандын эмгек рыногу:квалификациялуу кадрларга болгон муктаждык дана туруктуу чечимдер

2024-жылдын 13-декабрында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги жана Улуттук статистика комитети тарабынан биргеликте жүргүзүлгөн улуттук изилдөөнүн презентациясы болуп өттү. 

Бул изилдөө Кыргыз Республикасынын экономикалык тармактарындагы кадрлар менен квалификациялуу адистерге болгон суроо-талапты аныктоого, эмгек рыногу үчүн адистерди даярдоонун көйгөйлөрүн изилдөөгө жана жакынкы 3–5 жылдык суроо-талапты божомолдоого багытталган. 

Изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча, Кыргыз Республикасынын эмгек рыногунда ар кандай тармактарда квалификациялуу жумушчуларга болгон муктаждык жогору экени аныкталды. Айрыкча, тигүү өндүрүшү, өнөр жай, логистика жана кызмат көрсөтүү тармактарында кадрлардын жетишсиздиги сезилүүдө. 

Консультативдик бөлүктө катышуучулар профессионалдык стандарттарды иштеп чыгуунун квалификациялуу адистерди даярдоодогу маанилүүлүгүн белгилешти. Бул стандарттар билим берүү мекемелери менен жумуш берүүчүлөрдүн эмгек рыногуна керектүү кадрларды даярдоо жаатындагы аракеттерин шайкеш келтирүүгө мүмкүндүк берүүчү актуалдуу талаптарды – билимге, жөндөмдөргө жана компетенцияларга болгон талаптарды аныктайт. 

JIA Бизнес-ассоциациясынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн жетекчиси Сартмаметов Б.Т.профессионалдык стандарттарды иштеп чыгуу үчүн жумуш берүүчүлөр, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жана Билим берүү жана илим министрлигинин ортосунда эффективдүү өз ара аракеттенүүнү камсыздоочу механизмди түзүүнүн зарылдыгын белгиледи. 

Бул кадамдар экономикадагы кадрларга болгон чыныгы муктаждыктарга жооп берген туруктуу кадрларды даярдоо тутумун түзүүгө өбөлгө түзөт.