Социалдык жана солидардык экономика боюнча регионалдык семинар

18-19 июнь 2024-жылы Бангкок шаарында Эл аралык Эмгек Уюму Азия-Тынч океан аймагында социалдык жана солидардык экономика боюнча регионалдык семинар өткөрдү.

Семинардын катышуучулары:
Камбоджа, Монголия, Таиланд, Индонезия, Вьетнам жана Кыргызстандан мамлекеттик органдардан, иш берүүчүлөр жана кызматкерлер уюмдарынан, ССЭ өкүлдөрүнөн, эл аралык уюмдардан, эксперттерден, академиялык чөйрөдөн жана бейөкмөт уюмдардан 80-100дөй катышуучу болду. Семинарда Кыргызстанды, юрист Эрболот Нурлан уулу JIA Бизнес ассоциациясы өкүлү көрсөттү.

ЭЭУ (МОТ) «Азияда социалдык жана солидардык экономиканы бекемдөө – 2-фаза» долбоорун баштады, бул мамлекеттерге, кызматкерлер жана иш берүүчүлөр уюмдарына ССЭнин татыктуу эмгекти камсыз кылууга жана Туруктуу өнүгүү максаттарына (ТӨМ) жетүүгө кошкон салымын түшүнүүгө жардам берүү максатында иштелип чыккан. Долбоор Камбоджаны, Монголияны, Таиландды, Индонезияны, Вьетнамды жана Кыргызстанды камтыйт.

Семинардын максаттары:
• ЭЭУ мүчөлөрүнүн жана өнөктөштөрүнүн арасында ССЭ жөнүндө түшүнүктү тереңдетүү;
• Билим алмашуу платформасын камсыз кылуу менен регионалдык ССЭни жайылтуу тармагын кеңейтүү;
• Алты өлкөдө ССЭни бекемдөө боюнча улуттук аракеттер планын талкуулоо.