2024-жылдын 29-август күнү JIA «Кыргызстандагы эмгек мыйзамдарын реформалоо жана бул процессте иш берүүчүлөрдүн ролу» темасындагы тегерек столго катышты. Иш-чараны Эл аралык эмгек уюму (ЭЭУ) Иш берүүчүлөрдүн ишмердүүлүгү бюросунун колдоосу менен уюштурган.
Тегерек столдун максаты Кыргызстандагы эмгек мыйзамдарын реформалоо боюнча иш берүүчүлөр менен мамлекеттин ортосундагы диалогду жандандыруу болду. Талкууга Эмгек министрлигинин, эмгек маселелери боюнча парламенттик комитеттин, иш берүүчүлөр уюмдарынын жана ири компаниялардын өкүлдөрү катышты.