Брюссель шаарына болгон иш сапар.
JIA ишкерлер тобу Брюсселге болгон иш сапардын алкагында, Европа жана дүйнөлүк саясатта, маданиятта жана билим берүүдө маанилүү орунду ээлеген бир катар объектилерге барып чыкты.
Сапардын алгачкы маанилүү багыты — Европалык Комиссиянын штабы болгон Берлемон комплекси болду. Бул жерде Комиссиянын Президентинин, 27 еврокомиссардын, юридикалык жана басма сөз кызматтарынын кеңселери жайгашкан.
Шаардын архитектуралык символу болуп эсептелген, 1958-жылкы Дүйнөлүк көргөзмө үчүн курулган Атомиум комплекси ишкерлерге өзгөчө таасир калтырды. Бул уникалдуу имарат илимий өнүгүүнү жана атом энергиясынын тынчтык максатында колдонулушун чагылдырып, өзүнүн масштабы жана инженердик өзгөчөлүктөрү менен суктандырды.
Сапардын өзгөчө кызыктуу учурларынын бири — дүйнөгө белгилүү бельгиялык шоколаддардын жасалыш процесси менен таанышуу болду. Бельгия шоколад музейинде какао бутагынан тартып даяр кәмпитке чейинки жол жандуу көрсөтүлүп, конокторго даам татууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул унутулгус таасир калтырды.