Бүгүн Айым ишкерлер комитетинин кезектеги иш-чарасы болуп өттү. Финансы министрлигинин долбоорлорду ишке ашыруу департаменти тарабынан айым ишкерлерге пайызсыз насыя берүү долбоору боюнча маалыматтык жолугушуу уюштурулду.
Иш-чаранын максаты — айым ишкерлерге пайызсыз насыя алуу мүмкүнчүлүктөрүн түшүндүрүү жана ишкерлерге каржылык колдоо көрсөтүү боюнча маалымат берүү.
Катышуучулар: JIA Айым ишкерлер комитетинин мүчөлөрү (Бишкек шаарында оффлайн жана региондогу мүчөлөр онлайн, Zoom аркылуу катышты).
Финансы министрлигинин долбоорлорду ишке ашыруу департаментинин директору Бермет Мусакожоева “Айым ишкерлерге пайызсыз насыя берүү долбоору” тууралуу презентация жасап, насыя берүү шарттары жана мүмкүнчүлүктөрү боюнча маалымат берди. Ошондой эле, Керемет Банк жана Элдик Банк өкүлдөрү менен суроо-жооп форматында баарлашуу өткөрүлдү.