JIA бизнес-ассоциациясы BMZ, ЕС жана Швейцариянын Өкмөтү менен тарабынан каржыланып GIZ тарабынан ишке ашырылып жаткан «Кыргызстанда жашыл экономика жана жеке секторду туруктуу өнүктүрүү» программасы менен биргеликте жашыл технологияларды жана жеке сектордо туруктуу өнүгүүнү илгерилетүүгө багытталган долбоорду ишке ашырууда.
Долбоор Кыргызстанда жашыл технологияларды жана туруктуу өнүгүүнү алдыга жылдырууга багытталып, ал чакан жана орто бизнести "жашыл" консультанттар менен камсыздоону, аял ишкерлерди экологиялык жактан таза технологияларды киргизүүгө колдоо көрсөтүүчү "Жашыл ишкер - айым" демилгесин, ошондой эле студенттер жана лицей окуучулары үчүн жашыл чечимдерди иштеп чыгуу жана киргизүү боюнча "Жашыл толкун" конкурсун камтыйт.
«Бул долбоор Кыргызстандагы чакан жана орто ишканаларга жана ишкер айымдарга мүмкүнчүлүктөрдү түзүүнү максат кылат. Демилгелер аларды жашыл технологияларды жана туруктуу бизнес практикасын ишке ашыруу үчүн алдыңкы билим, ресурстар менен камсыз кылууга багытталган. Биз алардын экологиялык чакырыктарга ыңгайлашуу жөндөмдүүлүгүн бекемдөөгө умтулабыз, бул өз кезегинде алардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн күчөтүп, бүтүндөй өлкөнүн туруктуу экономикалык келечегине салым кошот». - JIAнын аткаруучу директору, Аззамбек Жээнбай уулу.
Долбоор Кыргызстандын жашыл экономикасын олуттуу жакшыртууга алып келет. Окутуу жана сертификациялоонун жыйынтыгы боюнча 28ден кем эмес консультант туруктуу бизнес практикасы боюнча консультацияларды берүү менен аймактардагы чакан жана орто бизнести эффективдүү колдоого алат. Жашыл технологияларга өтүүнү колдоо, экологиялык таза чечимдерди иштеп чыгуу жана ишке ашыруу үчүн ишкер айымдардын потенциалын жогорулатуу үчүн жаңы консалтингдик кызматтар киргизилет. Мындан тышкары, студенттер арасындагы сынак мыкты жашыл долбоорлорду ишке ашыруу аянтчасына айланат жана катышуучулар экологияга багытталган компанияларда практикадан өтүү жана ишке орношуу үчүн реалдуу мүмкүнчүлүктөрдү алышат.
- Башкы бет
- Жаңылыктар
- Кыргызстандагы "жашыл" бизнес практикасын жылдыруу ...