“Кыргызстандагы жашыл бизнес практикасын жайылтуу”

28-сентябрь күнү Бишкек шаарында JIA бизнес-ассоциациясы «Кыргызстанда жашыл бизнес практикаларды жайылтуу» долбоорунун алкагында айым ишкерлер үчүн «Жашыл экономиканын мүмкүнчүлүктөрү» темасында маалыматтык сессия өткөрдү.

Маалыматтык сессия төмөнкү темаларды камтыды:
1. Жали́лова Гульназ: Көмүртек изи жана анын күнүмдүк турмуштагы орду
2. Чекиров Асылбек: Аймактардагы жашыл долбоорлорду колдоодо жергиликтүү бийликтин ролу
3. Бегаим Дүйшемби кызы: Мамлекеттик өнүктүрүү банкы: жашыл чечимдерди ишке киргизүүдө каржылоо булактары жана мүмкүнчүлүктөр.

Айым ишкерлер бул сессиядан жашыл экономиканын негизги принциптери жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу терең түшүнүк алышып, өз ишмердүүлүгүн экологиялык туруктуулукка жана натыйжалуулукка багыттоо үчүн практикалык көндүмдөргө ээ болушту.

“Кыргызстандагы жашыл бизнес практикасын жайылтуу” демилгеси JIA бизнес-ассоциациясы тарабынан, BMZ, ЕБ жана Швейцария Өкмөтүнүн каржылоосу менен GIZ тарабынан ишке ашырылып жаткан «Кыргыз Республикасындагы жашыл экономика жана жеке секторду туруктуу өнүктүрүү» программасы менен биргеликте ишке ашырылууда».