JIA бизнес-ассоциациясынын аткаруучу директору Аззамбек Жээнбай уулу менен Индиянын КРдагы элчилигинин коммерциялык маселелер боюнча экинчи катчысы Сатиш Кумар Махаджандын жолугушуусу болуп өттү. Анда эки тараптуу кызматташуулар талкууланып, экспорт жана импорт, ошондой эле кыргызстандык ишкерлер үчүн мүмкүнчүлүктөр боюнча маселелер көтөрүлдү.
