Бүгүн JIA бизнес-ассоциациясы менен Ага Хан Фонду ортосунда кызматташтык боюнча маанилүү макулдашууга кол коюлду. Бул стратегиялык өнөктөштүктүн максаты – жаштардын потенциалын арттыруу, алардын ишке орношуусуна көмөктөшүү жана Кыргыз Республикасында инновациялык жана социалдык жоопкерчиликтүү ишкердикти өнүктүрүү.
Өнөктөштүктүн алкагында Telegram-бот «Joop Bar» негизинде ишке орношууга жардам бере турган жеткиликтүү жана натыйжалуу платформа түзүлөт. Бул демилге жаштардын иш менен камсыз болуу деңгээлин жогорулатууга, алардын кесиптик өнүгүүсүнө жана өлкөдө бизнес-коомчулугу менен байланыштарын бекемдөөгө багытталган.
«Joop Bar» платформасы «Жергиликтүү өнүгүү: Азия жана Африкадагы өзгөртүп жаткан өнөктөштүк» долбоорунун алкагында Ага Хан өнүктүрүү уюмдары тарабынан ишке ашырылган. Долбоор Америка элинин АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) жана Ага Хан Фонду (AKF) аркылуу көрсөткөн жоомарт колдоосу аркасында мүмкүн болду.