“Жашыл консультант” жана “Жашыл ишкер айым” демилгелеринин биринчи фазасы ийгиликтүү аяктады

 “Жашыл консультант” жана “Жашыл ишкер айым” демилгелеринин биринчи фазасы ийгиликтүү аяктады!

Бул демилгелер “Кыргызстандагы жашыл бизнес практикаларын жайылтуу” долбоорунун алкагында ишке ашырылып, консультанттар ишкер айымдардын бизнесине жашыл технологияларды жана чечимдерди киргизүү боюнча демилгелерин сунушташты.

 Буга чейин бизнеске экологиялык жактан туруктуу өнүгүүгө көмөктөшүү максатында аймактардан консультанттар тандалып алынган. Алар “Жашыл экономика жана анын негиздери” темасында 24 сааттык ТоТ (тренерлер үчүн окуу) программасынан өтүп, алган билимдерин ишкер айымдарга 24 сааттык консультациялык коштоо аркылуу практикада колдонушкан.

Бизнес-  консультанттар чакан жана орто ишканаларга экологиялык таза чечимдерди ишке ашырууга көмөктөшүп, төмөнкү номинациялар менен сыйланышты:
 “Жашыл навигатор” – Атабек Марасулов
 “Жашыл багыт” – Дастан Турдуев
 “Жашыл дем” – Индира Асейин кызы

Ишкер айымдар жашыл практикаларды өз ишмердүүлүгүнө киргизүү үчүн керектүү билим жана колдоо алышты. Алар бизнес-пландарды иштеп чыгууда жана ишке ашырууда бизнес-консультанттардын жардамына ээ болушту.

Бизнесине сунушталган жашыл демилгелерди ишке ашырууда активдүүлүгүн жана кызыгуусун көрсөткөндүгү үчүн "Жашыл ишкер айым" номинациясы менен Нургул Исакова, Райхан Ташболотова жана Наргиза Эржанова сыйланышты.

“Кыргызстандагы жашыл бизнес практикаларын жайылтуу” демилгеси JIA бизнес-ассоциациясы тарабынан BMZ, Европа Бирлиги (ЕБ) жана Швейцария Өкмөтүнүн каржылоосу менен GIZ тарабынан ишке ашырылып жаткан “Кыргыз Республикасындагы жашыл экономика жана жеке секторду туруктуу өнүктүрүү” программасы менен биргеликте ишке ашырылууда.