31-май күнү ОшМУнун 85 жылдык мааракесине арналып уюштурулган “Бизнес, билим берүү, илим жана мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү: аймактарды өнүктүрүүнүн мүмкүнчүлүктөрү жана жолдору” аттуу эл аралык форум жыйынтыкталды.
Панелдик талкууга JIA бизнес-ассоциациянын аткаруучу директору Аззамбек Жээнбай уулу модератор болду.
Панелдик сессияда аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө таасир этүүчү илимий, бизнес-коомчулуктун, мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын демилгелерин айкалыштыруу маселелери талкууланып, жыйынтыгында резолюция кабыл алынды.
Талкууга катышкан спикерлер:
1. Акаев Жанар - КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты;
2. Кристофер Герри - Борбор Азия Университетинин ректору;
3. Мусаев Абдылда - К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин ректору;
4. Ташбаев Илияз - КРнын Президентинин Ош областы боюнча өкүлүнүн орун басары;
5. Апбасов Каныбек -Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким;
6. Анарбеков Нурбек - КРнын Президентине караштуу Улуттук инвестиция агенттигинин алдындагы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун директору;
7. Пятахин Андрей - «Билайн Кыргызстан» компаниясынын башкы директору.
