Айымдар жана жаштар үчүн ментордук программасына катышуучуларды тандоо аяктады! Биз жыйынтыктарды бөлүшүүгө кубанычтабыз. Долбоорго 67 менти тандалып, анын 59у айымдар жана 8и мырзалар.
Тандалган катышуучуларды куттуктайбыз жана ийгилик каалайбыз! Учурда тандалган ментилер жана менторлор мындан аркы иш үчүн жуп болуп түзүлдү. Биздин баракчаларга жазылыңыз, программанын жүрүшү менен бөлүшөбүз!
Бул ментордук программа БУУӨПтүн Финляндия Өкмөтү каржылаган "Соодага көмөк көрсөтүү" долбоору тарабынан JIA бизнес-ассоциациясы менен биргеликте ишке ашырылууда. Демилге айымдар жана жаштар ишкердигин колдоого багытталган.