2024 жылдын 27-июлунда JIA бизнес ассоциациясынын Башкаруу кеңешининин кезектеги жыйыны Талас шаарында болуп өттү.
Жыйындын алкагында Башкаруу кеңеши тарабынан төмөнкү маанилүү чечимдер колдоо тапты:
1. JIAнын 2024 - жылдын II-кварталдагы отчету кабыл алынып бекитилди;
2. JIAнын 2024 - жылдын III-кварталдагы алып баруучу жумуш пландары бекитилди;
3. BIF - 2024 (Бишкек Инвестициялык форуму) өткөзүү, башка жылдан айырмаланып, алдыңкы бизнес долбоорлорго гранттык колдоо жагын карап чыгуу сунушталды.
4. JIAнын санарип платформасынын концепциясы бекитилди, буюрса 2025 - жылдан тарта ассоциация ишкерлер үчүн өзүнүн санарип платформасын сунуштайт.
Белгилеп кетсек, 2024-жылдын 25-октябрында "BIF - 2024" форуму өтөт. Иш-чара боюнча маалыматтар @bif_kg_ Instagram баракчасында чыгат.