JIA бизнес-ассоциациясы менен БУУнун ортосундагы Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу боюнча кызматташтык талкууланды

JIA бизнес-ассоциациясынын Башкаруу кеңешинин төрагасы Жоодар Омошов жана Аткаруучу директору Аззамбек Жээнбай уулу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Граве менен жолугушту. Жолугушууда эки тараптуу кызматташуу жана Туруктуу өнүгүү максаттарын (ТӨМ) ишке ашыруу боюнча биргелешкен ишмердүүлүк маселелери талкууланды.