«Туруктуу өнүгүү жана иш берүүчүлөр үчүн Эмгек кодексин сактоо боюнча практикалык колдонмонун мазмунун талкуулоо» темасында консультативдик жолугушуу болуп өттү

2025-жылдын 16-майында JIAнын мүчөлөрүнүн катышуусунда «Туруктуу өнүгүү жана иш берүүчүлөр үчүн Эмгек кодексин сактоо боюнча практикалык колдонмонун мазмунун талкуулоо» темасында консультативдик жолугушуу болуп өттү.

Жолугушууда төмөнкү маселелер каралды:
- Эмгек мыйзамдарын сактоонун маанилүүлүгү;
- Эмгек мыйзамдарындагы соңку өзгөртүүлөр боюнча түшүндүрмөлөр; 
- Практикалык колдонмонун структурасын жана мазмунун кароо;
- Тажрыйба алмашуу жана сунуштарды топтоо.

Жолугушуунун негизги спикерлери:
-Таалайбек Асылбеков – Эмгек боюнча Эл аралык уюмдун (ЭЭУ) эксперти;
-Нураим Манапбаева – ЭЭУнун консультанты.

Бул жолугушуу иш берүүчүлөргө эмгек мыйзамдарынын талаптарын так сактоого көмөк көрсөтүп, мыйзамдуу, коопсуз жана адилеттүү эмгек мамилелерин түзүүгө багытталган.