JIA Башкаруу Кеңешинин төрагасынын Кайрылуусу

JIA Башкаруу Кеңешинин төрагасынын Кайрылуусу

Урматтуу JIA Бизнес-ассоциациясынын мүчөлөрү, өнөктөштөрү, достор, кесиптештер жана пикирлештер!

Башкаруу Кеңешинин атынан ар бириңиздерге жылдар бою үзүрлүү кызматташтыгыңыздар, ассоциациябыздын өнүгүүсүнө активдүү катышканыңыздар жана Кыргызстандын ишкердик коомчулугуна кошкон салымыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем.

Бүгүнкү күндө JIA жаңы өнүгүү этабына кадам таштоодо. Учурдун талабына, жаңы чакырыктарга жана ишкердик чөйрөнүн жетилүүсүнө жараша трансформация зарылдыгы жаралууда. Башкаруу Кеңешинин чечимдерине жана бизнес-коомчулуктагы пикирлештерибиз менен жүргүзүлгөн стратегиялык консультацияларга таянып, JIA мультисектордук ассоциация катары өз миссиясын аяктаганын жарыялайбыз.

Биз бул функцияларды сый-урмат жана чоң ыраазычылык менен тармактык жана регионалдык ассоциацияларга өткөрүп беребиз. Алар конкреттүү тармактарда жана аймактарда иштеген ишканалардын күнүмдүк маселелерине жакыныраак болуп, бизнес кызыкчылыктарын жеринде натыйжалуураак коргой алышат.

Биз көрүп тургандай, экосистема улам өзгөрүп, жетилип жана жаңы чечимдерди кабыл алууну талап кылып турат. Мындай шартты пайда кылганыбыз - биздин жалпы жетишкендигибиз.

JIA трансформацияланат. Биз жаңы ролго – жеке секторду өнүктүрүү боюнча эл аралык платформага жана борборго айланабыз. Биздин негизги багытыбыз төмөнкүлөр болот:
- эл аралык өнөктөштүк жана бизнес-дипломатия;
- ишкерлер үчүн билим берүү жана акселерациялык программалар;
- туруктуу өнүгүү стандарттарын жана ESG практикаларын
илгерилетүү;
- экспортту жана кыргыз бизнесинин инвестициялык жагымдуулугун колдоо.

Мындан тышкары ментордук программаларды өнүктүрүүнү, өсүү жана тажрыйба алмашуу үчүн аянтчаларды түзүүнү улантабыз.

JIA мүчөлөрү үчүн бул эмнени билдирет?
- Сиздер бизнес профилиңиздерге ылайык колдоо ала турган тармактык жана аймактык ассоциацияларга өтөсүздөр;
- Биз жаңы форматтарда ишенимдүү өнөктөш болууга даярбыз.
Башкаруу Кеңешинин атынан баса белгилегим келет, JIA ар дайым жандуу ассоциация болуп келген. Бул өлкөдөгү жеке секторду жана ишкердик маданиятын өнүктүрүү бренди болду.

Биз 19 жылдан ашуун ассоциацияны өлкөдөгү эң активдүү ишкерлерди бириктирген борборго айлангандыгыбыз менен сыймыктанабыз. Бүгүн биз бул эстафетаны башка түзүмдөргө ишеним менен өткөрүп берип жатабыз жана Кыргызстандын ишкердик коомчулугу мындан ары да күчтөнөрүнө бекем ишенебиз.

Көрсөтүп келген ишенимиңиздерге ыраазычылык билдирем. Биз алдыда жаңы форматта, жаңы миссия жана ошол эле баалуулуктар аркылуу сиздер менен кала беребиз. 

Урматтоо менен,
Жоодар Омошов
Башкаруу Кеңешинин төрагасы
JIA Бизнес-ассоциациясы