“Салык салуу жана социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Салык салуу жана социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Бул Мыйзамдын максаты ири чет элдик капиталды жана эл аралык финансылык институттарды тартуу үчүн экономиканы андан ары либералдаштыруу, ошондой эле жергиликтүү ишкерлердин тышкы рынокторго чыгуусу үчүн шарттарды түзүү болуп саналат.

Бизнес чөйрөсү көптөн бери жумушчу топторго катышып, салык жана социалдык саясатты жакшыртуу боюнча өз сунуштарын айтып келишет. Алардын жигердүү катышуусунун натыйжасында өлкөдөгү бизнес климатты жакшыртуу боюнча маанилүү аспектилер эске алынды.

Мындан тышкары Мыйзамда камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин ставкаларын 27,25 пайыздан 12,25 пайызга чейин төмөндөтүү каралган, мында:
– 2,25 % – иш берүүчү төлөйт;
– 10 % – кызматкер төлөйт;

Ошону менен бирге, Мыйзамга ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүнүн чендерин төмөндөтүү төмөнкү категориялар үчүн жайылтылбайт:
– мамлекеттик бюджеттен каржылануучу уюмдарга;
– жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын участокторун иштеткен жана жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасын пайдаланууга лицензиясы бар тоо-кен ишканаларына;
– электр энергиясы, жылуулук энергиясы жана газ менен камсыз кылуу (жабдуу) боюнча ишти жүзөгө ашыруучу уюмдарга;
– алкоголдук, тамеки буюмдарын жана күйүүчү-майлоочу материалдарды өндүрүүнү жана/же импорттоону жүзөгө ашыруучу ишкердик субъекттерине, буга Кыргыз Республикасында лицензиялык-уруксат берүү системасы чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аталган ишти жүргүзүүгө лицензиясы бар мунайзаттарды өндүрүүнү жана кайра иштетүүнү жүзөгө ашыруучу субъекттер кирбейт (өсүмдүк чийки затынан биоэтанолду өнөр жайлык көлөмдө өндүрүүнү жана аны сатууну кошпогондо, мунайды жана жаратылыш газын кайра иштетүү);
– уюлдук байланыш чөйрөсүндөгү ишти жүзөгө ашыруучу субъекттерге;
– интернет-провайдерлерге;
– коммерциялык банктар, адистештирилген финансы-кредиттик же кредиттик мекемелер.

Мыйзам камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча кирешелерди жоготууга жол бербөө чараларын камтыйт. Бул чаралардын бири - иш берүүчүлөрдүн өз кызматкерлери жөнүндө актуалдуу маалымат менен Салык агентинин реестрин жүргүзүү милдети. Бул реестр киреше салыгы боюнча декларация тапшырууда колдонулат.