Ассоциациябыздын түптөлгөнүнө 18 жылдын жүзү болду!

Урматтуу ишкерлер жана өнөктөштөр!

Бүгүн биз үчүн өзгөчө маанилүү күн - Ассоциациябыздын түптөлгөнүнө 18 жылдын жүзү болду! 

Ушул жылдар аралыгында биздин ассоциация Кыргызстанда бизнести өнүктүрүү жана колдоо үчүн үзүрлүү иштеп келет жана мындан ары да иштей берет.

Бүгүнкү күндө JIAнын курамында өлкөбүздүн өнүгүүсүнө салым кошууга даяр, уникалдуу, жигердүү ишкерлер жана кесипкөй адистер бар.

Ар бир кызматкерибиз ассоциациянын өсүшү жана өркүндөшү үчүн чын дилден аракет кылып келет. Ошондой эле JIA жаратмандарына жана өнөктөштөргө бизге көрсөткөн ишеними жана колдоосу үчүн терең ыраазычылык билдиребиз!

Биз келечекке зор үмүт артабыз жана ийгиликтерге биргеликте жетебиз!