Алар соода, камсыздоо, мейманкана, кийим тигүү, тоо-кен бизнеси, банк сектору, агроөнөр жай комплекси жана экономиканын башка тармактарынын өкүлдөрүнүн сунуштарын угушту.
Жолугушууга NABA катчылыгынын жетекчиси жана бизнес-ассоциациялардын жетекчилери катышты, мисалы:
JIA;
Кыргызстандын банктар союзу;
Эл аралык ишкерлер кеңеши;
Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча бирикме;
Жеткирүүчүлөр ассоциациясы.
Депутаттар жана бизнес-коомчулугу бизнес чөйрөсүндөгү мыйзам чыгаруу демилгелерин талкуулоо үчүн ай сайын чогулуп турууну макулдашты.