Студенттер үчүн «Жашыл Толкун» сынагы!
Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын жана кесиптик лицейлердин жогорку курстарынын студенттерин жашыл экономика жана туруктуу өнүгүү темасындагы сынакка катышууга чакырабыз. Долбоордун алкагында экология тармагында иш алып барган алдыңкы ишканаларга 7 күндүк практикалык семинарлар жана экскурсиялар уюштурулат.
Сынактын максаты:
Студенттердин жашыл экономика боюнча маалымдуулугун жогорулатуу, алардын практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүү жана билим берүү мекемелеринин бизнес, мамлекеттик түзүмдөр жана эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүсү үчүн аянтча түзүү.
Сынактын номинациялары:
1. «Жашыл демилге»
2. «Жашыл чыгарма»
3. «Жашыл фантазия»
Сынактын негизги этаптары:
• 5 студенттен жана 1 илимий жетекчиден турган командаларды түзүү, бизнес тараптан ментордун колдоосу менен.
• Жашыл ишканаларда семинарларды жана экскурсияларды өткөрүү.
• Командалар тарабынан жашыл чечимдерди жана долбоорлорду иштеп чыгуу.
Сыйлыктар:
Ар бир номинация боюнча жеңүүчүлөрдү интерактивдүү такталар жана башка баалуу сыйлыктар, ошондой эле демөөрчүлөр жана өнөктөштөр тарабынан сертификаттар күтөт.
2024-жылы сынакка катышуу шарттары:
Студенттерге ишканаларда стажировка өтүүгө жардам берүү жана кийин ишке орношуу мүмкүнчүлүгүн түзүү.
Сынакка катышуу үчүн 2024-жылдын 4-октябрына чейин:
1. Толукталган арыз (Google формасы) жана алдын ала даярдалган эки документти тиркөө керек:
2. Билим берүү мекемесинин жетекчилигинин атынан команданын сунуш катын жана катышуучулардын тизмесин (гендердик теңчилик сакталган) берүү.
3. Команданын мотивациялык каты: «Жашыл толкун» долбооруна эмнеге катышкыбыз келет жана кандай идеяны ишке ашыргыларыбыз келет?» темасында (500 сөздөн кем эмес).
Жашыл экономика темасында идеясы бар командаларга артыкчылык берилет.
Форма профилдин башында же бул шилтеме аркылуу: https://forms.gle/qLfUe5v1DG9G9TPL8
Суроолор боюнча кайрылуу: +996 551 177 473 Урмат Жаналиев
«Кыргыз Республикасында жашыл бизнес практикаларды жайылтуу демилгеси» бизнес-ассоциация JIA тарабынан Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен кызматташтыкта ишке ашырылууда. Долбоор Германиянын Федералдык экономикалык кызматташтык жана өнүгүү министрлиги (BMZ), Европа Биримдиги (ЕБ) жана Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланып, GIZ программасынын алкагында ишке ашырылууда.