Көчмөн Бизнес Аянтча-2025 быйыл Жалал-Абадда өтөт

Көчмөн Бизнес Аянтча-2025 быйыл Жалал-Абадда өтөт.

JIA Бизнес-ассоциациясы тарабынан уюштурулуп келе жаткан Көчмөн Бизнес Аянтча – өлкөнүн бардык аймактарынан келген ишкерлерди бириктирип, маалымат алмашуу жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган ири иш-чара болуп саналат.

Бул жылы иш-чаранын өзгөчөлүгү – жергиликтүү өндүрүштү жана экспортту өнүктүрүүгө басым жасоо.

Иш-чаранын алкагында төмөнкүдөй мүмкүнчүлүктөр сунушталат:
Күчтүү жана тажрыйбалуу спикерлердин катышуусу;
Табият кооздугунда, интернетсиз 2 күн эс алуу;
Ишкерлер менен түз пикир алышуу, байланышты бекемдөө;
Кызыктуу этно оюндар жана маданий иш-чаралар.

Жылдын  ири иш-чарасына катышып, ийгиликтүү ишкерлери менен чогуу болуңуз. 

10-11-май
Жалал-Абад, Арстанбап