«Көчмөн Бизнес Аянтча – 2025» иш-чарасынын экинчи күнү эртең мененки машыгуулар менен башталып, андан кийин Арстанбап шаркыратмасына сейилдөө уюштурулду.
Иш-чаранын алкагында улуттук оюндар:
- аркан тартыш,
- кол күрөш,
- ордо оюну,
- жаа атуу,
- мык кагуу таймашы өткөрүлдү.
Меймандар үчүн төкмө акын Идирис Айитбаев жети дубандан келген ишкерлерге ыр арнап, катышуучуларга керемет маанай тартуулады.
Иш-чаранын соңунда эстафета тапшырылып, «Көчмөн Бизнес Аянтча» келерки жылы Баткен облусунда өтө турганы расмий түрдө жарыяланды.