2025-жылдын 10–11-май күндөрү Жалал-Абад облусунун Арстанбап аймагында “Көчмөн Бизнес
Аянтча – 2025” иш-чарасы ийгиликтүү өттү.
Иш-чаранын негизги максаты — региондордогу ички туризмди өнүктүрүү, ишкерлерди бириктирүү жана алардын кызматташтыгын арттыруу.
Иш-чараны JIA Бизнес-ассоциациясынын
- Башкаруу Кеңешинин төрагасы Жоодар Омошов
- Төраганын орун басары Жеңишбек Абдрахманов
- Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Талантбек Эдилов расмий түрдө ачып беришти.
Иш-чарага Кыргызстандын жети дубанынан, ошондой эле Казакстан жана Өзбекстандан 550гө жакын ишкер катышты.
Программада бизнеске байланыштуу мазмундуу презентациялар, тармактар аралык тажрыйба бөлүшүүлөр жана компаниялардын товар-кызмат көргөзмөлөрү уюштурулду.
Көчмөн Бизнес Аянтча — бул JIA Бизнес-ассоциациясы тарабынан жыл сайын өткөрүлүүчү масштабдуу форум. Аталган
иш-чара өлкөнүн ар кайсы аймактарында өтүп, ишкерлерди чогултуу, маалымат алмашуу жана кызматташтыкты бекемдөөгө өбөлгө.
Медиа-өнөктөштөр:
@utrk_jalal_abad
@abadnews.kg
@vizitka_kg