Урматтуу Токмок шаарынын ишкерлери жана жумуш берүүчүлөрү,
“Бизнести агартуу кербени” Токмок шаарында 10-апрельде өтөт.
Бул иш-чара салыктык жана эмгек мыйзамдарындагы өзгөрүүлөрдү, мамлекеттик жана жергиликтүү деңгээлдеги жаңы талаптарды түшүндүрүүгө багытталган. Ошондой эле, аймактардагы туризмди колдоо боюнча актуалдуу маалымат берилет.
Иш-чаранын алкагында сизге төмөнкү мүмкүнчүлүктөр сунушталат:
Жаңы салык талаптары жана ишкерлер үчүн мүмкүнчүлүктөр боюнча түшүндүрмө
Эмгек мамилелериндеги акыркы өзгөртүүлөр жана кызматкерлердин укуктарын коргоо
Прокуратуранын көзөмөлү: бизнес укуктарын коргоо жана талаштарды жөнгө салуу
Ишкерлерди жана инвесторлорду колдоого багытталган мамлекеттик программалар
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишкерлер үчүн шарттарды жакшыртуу аракеттери
Туризм тармагындагы жаңы мүмкүнчүлүктөр жана аймактык туризмди өнүктүрүү чаралары
Эксперттер менен жандуу талкуу жана актуалдуу суроолорго жооп алуу мүмкүнчүлүгү
Дареги: Токмок шаарынын мэриясы, жыйын залы, Ленин көч., 385
Сааты: 09:00 – 14:10
Катталуу үчүн шилтеме: https://forms.gle/w8mfNjeEYvM6YytY8
Ишкерлер үчүн маанилүү маалыматтарды биринчи болуп билиңиз!