«Бизнести агартуу кербени» түштүк аймактарда – Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында ийгиликтүү өткөрүлдү.
Бул иш-чаранын негизги максаты – ишкерлерге салык, эмгек мыйзамдары, мамлекеттик жана жергиликтүү саясаттагы жаңы талаптарды түшүндүрүү болуп саналат. Айрыкча, аймактардагы туризмди колдоо боюнча маалыматтар берилди.
Иш-чаралардын жүрүшүндө ишкерлер салык кодексине киргизилген жаңы өзгөртүүлөр, чакан жана орто бизнес үчүн салык режимдери, контролдук-кассалык машиналарды колдонуу эрежелери, электрондук эсеп-фактураларды берүү тартиби жана башка актуалдуу маселелер боюнча маалымат алышты. Ошондой эле, мамлекеттик көзөмөл органдары тарабынан ишкердикти текшерүүгө киргизилген мораторий, жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө маалымат берилди.
Иш-чара жакынкы күндөрү төмөнкү шаарларда өтөт:
Каракол ш. – 3-апрель
Талас ш. – 8-апрель
Токмок ш. – 10-апрель
Кара-Балта ш. – 15-апрель
Бишкек ш. – 16-апрель
Катталуу үчүн шилтеме:https://forms.gle/w8mfNjeEYvM6YytY8