Урматтуу ишкерлер жана иш берүүчүлөр,
Бизнести агартуу кербени башталууда!
Бул иш-чара сизге салык, эмгек мыйзамдары, мамлекеттик жана жергиликтүү саясаттагы жаңы талаптарды түшүнүүгө жардам берет. Айрыкча, аймактардагы туризмди колдоо боюнча маалыматтар берилет.
Сизди эмне күтөт?
1 Жаңы салык талаптары жана мүмкүнчүлүктөр тууралуу түшүндүрмө
2 Эмгек мамилелеринин жаңыланган талаптары жана кызматкерлердин укуктарын коргоо
3 Прокуратуранын көзөмөлү жана мониторинги – бизнес коргоо жана талаш-тартыштарды чечүү
4 Ишкерлерди жана инвесторлорду колдоого алынган мамлекеттик чаралар
5 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бизнес шарттарын жакшыртуу саясаты
6 Туризм тармагындагы жаңы мүмкүнчүлүктөр жана аймактардагы туризмди өнүктүрүү чаралары
7 Эксперттер менен жандуу талкуу жана актуалдуу суроолорго жооптор
Бизнеске агартуу кербени өлкөнүн 9 аймагында өтөт:
Жалал-Абад ш., 25-март
Ош ш., 26-март
Баткен ш., 27-март
Нарын ш., 1-апрель
Каракол ш., 3-апрель
Талас ш., 8-апрель
Токмок ш., 10-апрель
Кара-Балта ш., 15-апрель
Бишкек ш., 16-апрель
Төмөнкү шилтема же QR код аркылуу катталыңыз: https://forms.gle/w8mfNjeEYvM6YytY8
Алдыңкы адистерден актуалдуу маалымат алууга мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаңыз!