Бизнес агартуу кербени

2025-жылдын 10-апрелинде Токмок шаардык мэриясынын имаратында «Бизнес агартуу кербени» аттуу иш-чара болуп өттү.

Иш-чарага 300гө жакын адам катышты. Алардын катарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, чакан жана орто ишкердик субъекттери, ошондой эле ишкерлердин бирикмелери болушту.

Жолугушууда учурдагы салык саясаты, берилип жаткан жеңилдиктер жана жаңы жоболор, социалдык төлөмдөр, базарлардагы салык маселелери сыяктуу темалар кеңири талкууланды. 

Ишкерлер текшерүүчү мамлекеттик органдардын саны боюнча маселени көтөрүштү, текшерүүлөр менен айып пулдардын толкуну бизнеске олуттуу кыйынчылыктарды жаратканын белгилешти. Жана текшерүүчү органдардын санын кайрадан кароо зарылдыгын айтышты.

Иш-чарада эң көп талкууланган темалардын бири — салык маселелери болду. Катышуучуларга бирдиктүү салык режиминен патентке өтүү, базарлардагы субижара эрежелери, таштанды чыгарууга байланыштуу салык төлөмдөрү жана ишкердикти ыктыярдуу легалдаштыруу механизмдери боюнча түшүндүрмөлөр берилди.

Кербендин кийинки токтолуучу шаарлары:
Кара-Балта – 15-апрель
Бишкек – 16-апрель