2025-жылдын 15-апрелинде Кара-Балта шаарынын шаардык маданият үйүндө «Бизнес агартуу кербени» аттуу республикалык маалымат кампаниясынын алкагында кезектеги иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чарага 250дөн ашуун адам, анын ичинде чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери, ошондой эле кызыкдар мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.
Кампаниянын максаттары төмөнкүлөрдү камтыйт:
1. Ишкерлердин кызыкчылыктарына тиешелүү болгон мыйзамдардагы жаңы нормаларды жана өзгөртүүлөрдү түшүндүрүү, анын ичинде салык саясаты, көзөмөл жана текшерүү ишмердүүлүгү, эмгек мамилелерин жөнгө салуу жана башка актуалдуу маселелер.
2. Бизнес субъекттеринен ишкердик чөйрөсүн жакшыртуу, административдик тоскоолдуктарды жоюу жана ишкердикти өнүктүрүүгө жагымдуу шарттарды түзүү боюнча сунуштарды чогултуу.
Иш-чаранын жүрүшүндө каралган негизги темалар:
-2025-жылдагы салыктык башкаруунун өзгөчөлүктөрү;
-Контролдук-кассалык машиналарды колдонуу жана анын эрежелери;
-Электрондук эсеп-фактураларды (ЭЭФ) милдеттүү түрдө колдонуу жаатындагы жаңылыктар;
-Патенттик негиздеги салык төлөө системасына өтүүнүн келечеги;
-Ишкердик тобокелдиктерди камсыздандыруу механизмдери;
-Электрондук товардын транспорттук накладнойлорун (ЭТТН) жокко чыгаруу;
Айрым салык төлөөчүлөр боюнча рейддик текшерүүлөрдү токтотуу тууралуу маалымат.
Атайын көңүл бурулган маселелер:
Электрондук эсеп-фактуралар (ЭЭФ): Катышуучуларга товар жеткирилгенден кийин 5 календардык күндүн ичинде ЭЭФ милдеттүү түрдө түзүлүшү керектиги түшүндүрүлдү (калк менен жүргүзүлгөн чекене соода учурларынан тышкары). Мындан тышкары, кагаз жүзүндөгү эсеп-фактураларды колдонууга уруксат берилген учурлар жана ЭЭФтен бошотулган салык төлөөчүлөрдүн категориялары боюнча да маалымат берилди.
Патенттик система: ЧОБ өкүлдөрү патенттик системанын жөнөкөйлүгү жана жеткиликтүүлүгүн белгилеп, анын өнүгүшүнө жана колдонулушунун кеңейишине кызыкдар экендиктерин билдиришти.
Ишкерлер мамлекеттик органдарды салык саясатынын туруктуулугун камсыз кылууга жана реформаларды ырааттуу ишке ашырууга чакырышты, бул узак мөөнөттүү пландоого жана бизнес-туруктуулукка өзгөчө мааниге ээ.
Кербен буга чейин өлкөнүн бардык аймактарында уюштурулуп, кийинки кербен Бишкек шаарында уланмакчы. Толук маалыматты жакынкы күндөрү кабарлайбыз.