Бизнести агартуу кербени

2025-жылдын 22-апрелинде Кыргызстан Эл аралык университетинде “Бизнести агартуу кербени” республикалык маалымат-консультациялык кампаниясынын жыйынтыктоочу жолугушуусу болуп өттү. 

Иш-чарага 150дөн ашуун катышуучу – жеке ишкерлик чөйрөсүнүн, мамлекеттик органдардын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Алар борбор калаадагы ишкерлер туш болгон негизги системалык маселелерди жана чакырыктарды талкуулашты.

Иш-чараны JIA Бизнес-ассоциациясынын аткаруучу директору Аззамбек Жээнбай уулу жана Кыргыз Республикасынын Инвестициялык кеңешинин катчылыгынын жетекчиси Улук Асакарыевич Кыдырбаев расмий ачып беришти.

Жолугушуулардын жүрүшүндө катышуучулар эң актуалдуу болгон салык мыйзамдары, бизнести текшерүүгө киргизилген мораторий жана башка маанилүү маселелер боюнча практикалык билимдерге жана пайдалуу маалыматтарга ээ болушту.