2024-жылдын 16-ноябрында Бизнес ассоциация JIA тарабынан уюштурулган «AIYM ISHKER 2024» форумунда «Joop Bar» Telegram-боту презентацияланды. Бул телеграм- бот кызматкерлерге жана жумуш орундарын издөөдө жардам берип келет жана жакында мобилдик тиркеме болуп, жумуш издөө мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет.
JIA жана Ага Хан Фондунун “Жергиликтүү өнүгүү” долбоору менен биргелешип иштеп жаткан тиркеме иш берүүчүлөрдү жана жумуш издегендерди бириктирген аянтча.
Анын негизги өзгөчөлүктөрү:
-Ар бир талапкерге жараша ыңгайлуу жумуш издөө;
-Иш берүүчүлөр үчүн жарыяларды тез жана оңой жайгаштыруу;
-Иш-чаралар календары: тренингдер, форумдар жана бизнес-турлар.
Мобилдик тиркеме ишке киргенге чейин Телеграм-бот колдонуучуларга актуалдуу жардам көрсөтүүнү улантат.
