JIA жана Wildberries Кыргызстан

Бүгүн JIA бизнес-ассоциациясы менен Wildberries Кыргызстан ортосунда кызматташуу келишимине кол коюлду.

Меморандумдун максаты - электрондук коммерция бизнесин бирге өнүктүрүү жана экономикалык байланыштарды чыңдоо. Бул өнөктөштүк биздин коомчулука чоң пайда алып келет. Чакан жана орто бизнести колдоого, ошондой эле жаңы жумуш орундарын түзүүгө өзгөчө көңүл бурулат.