JIA жана Лизинг Ассоциациясы кызматташуу тууралуу меморандумга кол койду

JIA жана Лизинг Ассоциациясы кызматташуу тууралуу меморандумга кол койду.

2025-жылдын 7-апрелинде Бишкек шаарында JIA Бизнес-ассоциациясы менен Лизинг Ассоциациясы кызматташтык жана өз ара түшүнүшүү боюнча меморандумга кол коюшту.

Меморандумдун алкагында тараптар ишкерлерге маалыматтык жана консультациялык колдоо көрсөтүү, бизнес-коомчулук менен туруктуу жана конструктивдүү диалог жүргүзүү, ошондой эле биргелешкен иш-чараларды уюштуруу аркылуу өз ара кызматташтыкты өнүктүрүү максатында аракеттерди бириктирүүгө макулдашышты.

Бул меморандум ассоциация мүчөлөрүнүн потенциалын жогорулатууга, ишкердик чөйрөдө туруктуу байланыштарды түзүүгө жана өнөктөштүктү тереңдетүүгө багытталган маанилүү кадам болуп саналат.