JIA ишкерлери Берлин шаарында агро өнөр жай, азык-түлүк жана айыл чарба тармагында уюштурулуп жаткан эң чоң эл аралык көргөзмөлөрдүн бири Grüne Woche 2025 көргөзмөсүндө.
Көргөзмө дүйнөнүн ар кайсы бурчунан келген миңдеген катышуучуларды жана конокторду тажрыйба алмашууга, тармактагы жаңы жетишкендиктерди көрсөтүүгө жана бизнес байланыштарды чыңдоого шарт түзүүдө.
Бул сапар JIA ишкерлерине агробизнес тармагындагы алдыңкы тенденцияларды изилдөө жана эл аралык байланыштарды бекемдөө үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк болуп саналат
Grüne Woche көргөзмөсүнөн кийин, ишкерлер SIGEP 2025 көргөзмөсүнө катышат.
Кызматташтык үчүн @germanyinkg ыраазычылык билдиребиз!