Микро чакан жана орто ишканаларды шашылыш колдоо

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин «Микро чакан жана орто ишканаларды шашылыш колдоо» долбоору алкагында ишкерлер үчүн онлайн-вебинар болуп өттү.

Вебинардын темасы:«Пайызсыз насыя: ким ала алат, шарттары жана кыйынчылыктар болгон учурда кайсыл жакка кайрылууга болот». Бул тема чакан жана орто бизнести колдоо жана өнүктүрүү үчүн өзгөчө маанилүү, ошондуктан иш-чара чоң кызыгууну жаратты.

Спикерлер:
Бермет Мусакожоева
Адилет Акматов
Таалайбек Асылбеков

Вебинар ишкерлерге каржылык мүмкүнчүлүктөрдү тереңирээк түшүнүүгө жана каржылык колдоону ийгиликтүү издөө үчүн практикалык көрсөтмөлөрдү алууга жардам берди.

Вебинар БУУӨПтүн Финляндия Өкмөтү каржылаган «Соодага көмөк көрсөтүү» долбоору тарабынан JIA бизнес-ассоциациясы менен биргеликте ишке ашырылып жаткан Ментордук программасынын ишкерлери үчүн уюштурулган. Демилге айымдар жана жаштар ишкердигин колдоого багытталган.