Ментордук программанын алкагында эксклюзивдүү жолугушуу болуп өттү!
Менторлор үчүн биздин кезектеги жолугушуу жогорку деңгээлде өттү. Бул иш-чарада эки алдыңкы эксперт өзүнүн билими жана тажрыйбасы менен бөлүштү.
Дастан Бекешев – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Октябрь округу боюнча депутаты, катышуучуларга лидерлик башкаруу тууралуу маанилүү ойлорун бөлүштү.
Анара Орозобаева – жасалма интеллект жана инновациялык технологиялар боюнча эксперт, заманбап технологиялардын бизнеске жана лидерликке тийгизген таасири жөнүндө кызыктуу маалымат берди.
Бул жолугушуу менторлорго:
Жаңы билим жана практикалык кеңештерди алуу,
Өнүгүү үчүн жаңы ресурстарды табуу,
Өз компетенцияларын бекемдөө,
Башка менторлор менен баалуу тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүн берди.
Биздин спикерлерге жана катышуучуларга терең ыраазычылык билдиребиз!
Биздин спикерлерге жана катышуучуларга ыраазычылык билдиребиз!