Европага иш сапар

2025-жылдын 9-апрелинде JIA Бизнес-ассоциациясынын ишкерлер делегациясы Германия Федеративдик Республикасына (ГФР) келип, Европадагы иш сапарынын жаңы этабын баштады.

Иш сапардын алкагында делегация Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдик Республикасындагы (Берлин шаарындагы) Элчилигине барып, Кыргыз Республикасынын Германиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Өмүрбек Текебаев мырза менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Элчилик тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер, Германиядагы ишкерлер үчүн түзүлгөн мүмкүнчүлүктөр, ошондой эле эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык мамилелер боюнча кеңири маалымат берилди.

JIA Бизнес-ассоциациясы Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчилигине көрсөтүлгөн меймандостук жана колдоо үчүн терең ыраазычылыгын билдирет. Иш сапар көргөзмөлөргө катышуу жана тажрыйба алмашуу форматында Европа мамлекеттеринде улантылат.