JIA Бизнес-ассоциация делегациясы иш сапар менен Шэньчжэнь шаарына барды
Иш сапардын алкагында JIA ишкерлери бир катар өндүрүштүк ишканаларга, технопарктарга жана инновациялык борборлорго барып, Кытайдагы заманбап технологиялар, өндүрүш процесстери жана экспорттук мүмкүнчүлүктөр менен таанышышты.
Сапардын жүрүшүндө ишкерлер пайдалуу тажрыйба алып, бизнес өнөктөштөр менен байланышты түзүштү. Алар үчүн логистика, экспорт, инновациялар жана санариптик өнүгүү жаатында практикалык маалыматтар сунушталды. Бул маалыматтар келечекте Кыргызстандын бизнес чөйрөсүндө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууга жардам берет.