JIA Бизнес ассоциациясынын Жашыл экономика комитетинин төрагасы Кубанычбек Алимов 2024-жылдын 11–22-ноябрында Бакуда өткөн Бириккен Улуттар Уюмунун климаттык өзгөрүүлөр боюнча конференциясы COP29га катышты.
Ал өз сөзүндө климаттык өзгөрүүлөр Кыргызстан сыяктуу экономикасы өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн айыл чарбасына, суу ресурстарына жана инфраструктурасына чоң коркунуч туудурарын баса белгиледи. Бул көйгөйлөр өлкөбүздүн экономикасынын негизин түзгөн чакан жана орто бизнести өнүктүрүүнү татаалдатып жатканын айтты.
Ошондой эле, туруктуу жана климатка нейтралдуу технологиялар ири инвестицияларды талап кылганын, ал эми бизнестин каржылык мүмкүнчүлүктөрү чектелүү экенин эске алуу зарыл экенин кошумчалады. Кубанычбек Алимов туруктуу экономикага өтүү адилеттүү жана инклюзивдүү болушу керек экенин белгилеп, бул багытта глобалдык колдоонун маанилүүлүгүн айтты.
COP29 конференциясы – климаттык көйгөйлөргө каршы биргелешип аракеттенүү үчүн маанилүү эл аралык аянтча.
