JIA Бизнес-ассоциация мүчөлөрү Кытайга болгон иш сапарынын алкагында дүйнөнүн эң белгилүү тарыхый жайларынын бири — Улуу Кытай дубалына барышты.
Кытай дубалы — дүйнөдөгү эң узун коргонуу дубалы болуп эсептелет. Ал Кытайдын түндүк бөлүгүндө жайгашып, миңдеген чакырымга созулат. Дубалдын курулушу биздин заманга чейин III кылымда башталып, ар кайсы доорлордо улантылган. Анын негизги максаты — Кытайды тышкы чабуулдардан коргоо болгон.
Бул сапардын негизги максаты — Кытай менен болгон экономикалык жана маданий кызматташууну бекемдөө, ошондой эле ишкерлердин эл аралык тажрыйбасын кеңейтүү болуп саналат.
Кытай дубалына жасалган сапар ишкерлерге Кытайдын тарыхы жана маданияты менен жакындан таанышууга, дүйнөлүк деңгээлдеги туризм жана инфраструктуралык долбоорлорду жеринен көрүүгө мүмкүндүк берди.