Central Asian Franchise & Business Expo

19-апрелде Бишкек шаарында өткөн Central Asian Franchise & Business Expo көргөзмөсүнө JIA Бизнес-ассоциациясы жана Bishkek Investment Forum маалыматтык өнөктөш катары катышты.

Көргөзмөнүн расмий ачылышында куттуктоо сөзү менен JIA Бизнес-ассоциациясынын төрагасы Омошов Жоодар Болотбекович сөз сүйлөдү. Ошондой эле ал «Борбордук Азияда франчайзингди жана ишкердикти өнүктүрүү» аттуу пленардык сессияда спикер катары катышты.

Central Asian Franchise & Business Expo — бул Борбордук Азия регионундагы франчайзинг жана ишкердик чөйрөсүндөгү маанилүү иш-чара. Анын максаты — аймактагы франчайзинг бизнесин өнүктүрүү, эл аралык тажрыйбаларды бөлүшүү жана жергиликтүү ишкерлерге жаңы мүмкүнчүлүктөрдү сунуштоо.