JIA ишкерлерине бизнес-эртем уюштурулду

JIA ишкерлерине бизнес-эртем уюштурулуп, анда тажрыйбалуу ишкер, MNT and Partners инвестициялык компаниясынын башкаруучу өнөктөшү жана логистика, e-commerce, авто жана IT тармактарында ийгиликтүү бизнес долбоорлорунун негиздөөчүсү Бакыт Ирсалиев өз тажрыйбасы менен бөлүштү.

Бакыт Ирсалиев бизнес-эртемде ийгиликтүү ишкер болуунун негизги принциптери, инвестиция тартуунун жолдору жана бизнес башкаруу стратегиялары тууралуу ой бөлүштү. Ал өзүнүн тажрыйбасынан алынган конкреттүү мисалдар менен бөлүшүп, логистика, e-commerce, авто жана IT тармактарында ийгиликтүү долбоорлорду кантип ишке ашырууга боло тургандыгы жөнүндө пайдалуу кеңештерин берди.

Ошондой эле, ишкерлерге стартаптарды баштоонун негизги кадамдары, каржыны туура башкаруу жана рынокто атаандаштыкка туруштук берүү боюнча маанилүү маалыматтарды айтты