Мирбек Асангариев менен JIA Жаштар клубунун ишкерлерине бизнес-эртем уюштурулду

Bridges, Mountain View Resort жана Touristan мейманканаларынын негиздөөчүсү , ийгиликтүү ишкер Мирбек Асангариев менен JIA Жаштар клубунун ишкерлерине бизнес-эртем уюштурулду.

 “Бакай Мебель” компаниясынын негиздөөчүсү, Адиля Темирканова иш-чара тууралуу төмөнкүдөй ой менен бөлүштү: 

 “Мирбек мырза жаштар үчүн, өзгөчө жаш ишкерлерге кеңири ой жүгүртүү, бизнеске чыгармачылык менен мамиле кылуу жана ийгиликке жетүүнүн жолдору менен бөлүштү. Ишкердигибиз үчүн абдан чоң мотивацияларды алдык.”

Иш-чарага катышкан жаш ишкерлерге жана конокторго чоң ыраазычылык билдиребиз!