20-апрель күнү JIA мүчөлөрү франчайзинг тармагындагы алдыңкы эл аралык эксперттер менен бизнес-эртем жолугушууга катышышты. Иш-чарада аталган тармактагы заманбап тенденциялар жана эл аралык тажрыйбалар боюнча пикир алмашуу жүрдү.
Иш-чаранын спикерлери:
Мурат Азамов — Эл аралык эксперт, Өзбекстандын Франчайзинг ассоциациясынын төрагасы.
Константин Урванцев — FranchCamp жана Altairika франшизаларынын негиздөөчүсү, инвестор жана сериялык ишкер.
Диана Курбанова — UFAнын төрага орун басары, 7DaySocks жана UzFranchise компанияларынын негиздөөчүсү.
Виктор Ляшевский — “Франшиза на 360” бестселлер китебинин автору, эл аралык эксперт.
Спикерлер франчайзинг тармагындагы өнүгүү тенденциялары жана натыйжалуу иш алып баруу стратегиялары тууралуу эксперттик ой-пикирлерин жана практикалык тажрыйбаларын бөлүшүштү.