Урматтуу ишкерлер!
JIA бизнес-ассоциациясынын делегациясы АКШга иш-сапарга кеткендигин билдиребиз!
Сапардын темасы: Курулуш. Архитектура. Дизайн.
Биринчи күндөр Нью-Йорк шаарынын маданий жана архитектуралык кооз жерлери менен таанышууга арналат:
- Эркиндик статуясы
- Улуттук 11-сентябрь мемориалы жана музейи
- Эмпайр Стейт Билдинг
- Борбордук парк
- Бруклин көпүрөсү
Бул сапар биздин ишкерлер үчүн курулушта, архитектурада жана дизайнда жаңы горизонтторду ачып, алдыңкы тажрыйбаны өздөштүрүүгө жана баалуу ишкердик байланыштарын түзүүгө мүмкүнчүлүк берет.