Европага иш-сапар

2025-жылдын алгачкы бизнес-туру Европада өткөрүлүп жатат 

Программанын алкагында, 13 ишкерден турган делегация кечээ 16-январда Кыргызстандын Германия Федеративдүү Республикасындагы элчиси Өмүрбек Текебаев менен жолугушту.

Ишкерлер Германияда өтүүчү Green Week көргөзмөсүнө жана Италиядагы SIGEP көргөзмөсүнө катышат. Ал эми Швейцарияда маданий иш-чаралар менен бизнес-тур уланмакчы.

Green Week – айыл чарба, жер семирткичтер, балык чарбасы, деңиз азыктары, азык-түлүк, суусундуктар, эт жана сүт өндүрүшүнө арналган эл-аралык ири көргөзмө.

SIGEP – бул азык-түлүк жабдуулары, нан жана кондитердик азыктар, пицца, жеңил тамактар, кейтеринг жана балмуздак тармагындагы алдыңкы иш-чара.

Бул иш-чаралар Кыргызстандын ишкерлерине эл аралык рынокторду изилдеп, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү табууга шарт түзөт