ИНДИЯга иш сапар

ИНДИЯга иш сапар

2024-жылдын 26-сентябрь күнү JIA ишкерлеринен куралган делегация иш сапар менен Дели шаарына барды. Иш сапардын негизги максаты - UP INTERNATIONAL TRADE SHOW 2024 көргөзмөсүнө катышуу.

UP INTERNATIONAL TRADE SHOW 2024 — бул 2024-жылдын 25-29-сентябрь күндөрү Уттар-Прадеш штатында өткөн чоң эл аралык соода иш-чарасы. Анын негизги максаты — жергиликтүү ишканалардын продукцияларын жана жетишкендиктерин эл аралык деңгээлде көрсөтүү. Көргөзмө МСП, айыл чарба, ИТ, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармактарын камтыган.

Ошондой эле, иш-чаранын алкагында маданий шоулар, мода көргөзмөлөрү жана лазердик шоулар уюштурулуп, бул иш-чара аймактын маданий жана экономикалык ар түрдүүлүгүн баса белгиледи. UPITS жергиликтүү ишканалардын экспортун өнүктүрүүгө жана экономикалык байланыштарды чыңдоого багытталган.