JIA бизнес-ассоциация жана Тюрингендин мамлекеттик өнүктүрүү корпорациясы кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюшту

JIA бизнес-ассоциация жана Тюрингендин мамлекеттик өнүктүрүү корпорациясы кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Бул меморандумдун максаты Ассоциацияны улуттук экономиканын өкүлү жана өлкөнүн социалдык шериктеши катары бекемдөө болуп саналат. Тараптар бири-бирине пайда алып келүүчү долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн таанып, эки уюмдун тиешелүү мүчөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты түзүү жана өнүктүрүү боюнча өз ара түшүнүшүүгө келишти. Бул кызматташтык, экономикалык жана социалдык абалды жакшыртууга багытталган ишмердүүлүктү жана демилгелерди биргелешип иштеп чыгууну камтыйт.