«B5+1»

JIA Бизнес Ассоциациясы анын аткаруучу директору тарабынан 14-15-мартта Алматыда өткөн биринчи “В5+1” (Бизнес 5+1) форумуна катышты.

Форумда Борбордук Азиянын бардык беш өлкөсүнүн (Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан) жана Америка Кошмо Штаттарынын бизнес өкүлдөрүнүн, өкмөттөрдүн, эксперттик коомчулуктун, инвесторлордун ортосунда жемиштүү талкуу болду.

Форумда Борбор Азиянын динамикалуу өнүгүп жаткан аймагынын экономикалык мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Жаңы инвесторлорду тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө көңүл бурулуп, артыкчылыктуу саясий чаралар аныкталды, аларды кабыл алуу чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмүн көбөйтүүгө жана региондогу бизнес үчүн региондук жана эл аралык рынокторго чыгууга мүмкүндүк берет.

«Эки күндүн ичинде биз жемиштүү талкууларды жүргүзүп, бизнес чөйрөнү жакшыртуу жана аймакка инвестиция тартуу боюнча сунуштарды бердик. B5+1 форуму Борбор Азияны жагымдуу экономикалык дестинация катары көрсөтүүгө гана эмес, транспорт, энергетика, туризм жана соода сыяктуу негизги секторлордогу мыйзамдарды шайкеш келтирүүгө багытталган». - JIAнын аткаруучу директору.