Кыргызстандык жана немис компанияларынын ортосундагы B2B жолугушуу
2024-жылдын 17-майында JIA Бизнес Ассоциациясы Борбор Азиядагы Германия Экономикасынын Өкүлчүлүгү менен биргеликте Рейнланд-Пфальц федералдык жеринен келген ишкерлер делегациясын кабыл алып, биздин ишкерлер менен В2В жолугушууларды өткөрдү.
Жолугушуу алкагында Рейнгессен жана Кобленц Соода-өнөр жай палаталары менен кызматташуу жолдору жана Германиялык инвесторлор үчүн Кыргызстандын рыногунун мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Ошондой эле, жолугушууда JIA Бизнес Ассоциациясы жана Борбор Азиядагы Германия Экономикасынын Өкүлчүлүгү ортосунда активдүү экономикалык кызматташтыкты улантуу максатында кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлду.
