2018-жылдын 2-февралында Башкаруу кеңешинин чечими менен Актилек Тунгатаровго JIA бизнес-ассоциациясынын ардактуу мүчө наамы ыйгарылды.
Актилек Тунгатаров жеке сектордун өнүгүшүнө жигердүү көмөк көрсөткөн көрүнүктүү ишкер кесипкөй жана көрүнүктүү коомдук ишмер. Кыргызстандагы эң ири тоо-кен компаниясы болгон Кумтор Голд Компанинин туруктуу өнүгүү бөлүмүнүн директору.
Актилек Тунгатаров төмөнкү салымдары жана жетишкендиктери үчүн Бизнес-ассоциациясынын ардактуу мүчөсү наамына татыды:
- Кыргыз Республикасында бизнести жана экономиканы өнүктүрүүгө кошкон салымы;
- JIA бизнес-ассоциациясынын өнүгүшүнө салым кошуу;
- Мамлекеттик органдардын салымдарын мамлекеттик жана өкмөттүк сыйлыктар менен таануу;
- Кынтыксыз ишкердик репутация;
- Экономика жана ишкердик боюнча өзгөчө эмгектери.
Мамлекеттик сыйлыктар:
- 2016-жылы Актилек Тунгатаров Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон зор салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин “Экономиканын отличниги” төш белгиси менен сыйланган.
- 2013-жылы 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу рыногун өнүктүрүү Концепциясын иштеп чыккандыгы үчүн Актилек Тунгатаровго “Кыргыз Республикасынын финансысынын отличниги” ардак наамы ыйгарылган.
- Актилек Тунгатаров 2013-жылы ак ниет жана кынтыксыз эмгеги үчүн жана “Кыргыз Республикасынын Ишкерлер күнү” кесиптик майрамына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин ыраазычылык каты менен сыйланган.